7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Январь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1234
567891011
12131415161718
19202122232425
262728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жогорку сот Бакиевдин бир тууганынын акталуусу боюнча түшүндүрмө берди

1464

Жогорку сот Бакиевдин акталуусу боюнча түшүндүрмө берди. Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Каныбек Салиевич Бакиев катышкан кылмыш иши тууралуу соттордун чечими боюнча келип чыккан суроолорду эске алуу менен, Жогорку сот биринчи жана экинчи инстанциядагы соттор тарабынан бир катар мыйзам бузууларга жол берилгендигине байланыштуу ишти жаңыдан кароого жөнөткөн. Ал эми иш боюнча күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө тийиштүү баа берилген эмес.

«Азыркы Жазык процесстик кодексинде актоонун негизи катары күнөөсү далилденбегендиктен, соттор өкүмдүн актоо бөлүгүн кабыл алууда 340-берененин талаптарын бузуп, жогоруда көрсөтүлгөн негиз менен акташкан. Жогорку соттун жазык иштери жана жоруктар жөнүндө иштер боюнча соттук коллегиясынын 2021-жылдын 21-апрелиндеги токтому менен прокурордун кассациялык сунушу канааттандырылып, ал эми К.С.Бакиевди актоо тууралуу жактоочунун даттануусу канааттандыруусуз калтырылган», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1465