7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жок ишкананын «жетекчисимин» деп миллиондорду алган 24 жаштагы кыз кармалды

1555

Ош шаарындагы өзүн “Алтын-Темир” жоопкерчилиги чектелген коомунун жетекчиси катары тааныштырып, жарандардан ири суммадагы акча каражаттарын алып жүргөн 24 жаштагы кыз кармалды. Бул тууарлуу Ош ШИИБинин маалымат кызматы билдирди.

“Бүгүнкү күндө кыздын үстүнөн эки арыз келип түштү. Биринен 30 миң, экинчисинен 39 миң доллар алып из жашырган. Андан сырткары, жакындарынан дагы ушундай алдоо жолу менен ири суммада акча алган. Анын жакындары арыз жазуудан баш тартышты”, — деп айтылат маалыматта.

Жазылган арыздар боюнча Жазык кодексинин 304-беренесинин белгилери менен сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Шектүү Жалал Абат облусунун 24 жаштагы тургуну М.А. 28-августта кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Ошол эле күнү Ош шаардык соту баш коргоо чарасын карап 28-сентябрга чейин абакта кармоо чечимин чыгарган.

Алгачкы тергөө амалдарынын жүрүшүндө шектүү алынган акчаларды “Кыргыз-Каганат” аттуу ишканага жана конкреттүү бир адамдын атына которгондугун билдирген. Текшерүү учурунда аталган ишкана жана аты аталган адам таптакыр болбогондугу аныкталган.

Бүгүнкү күндө тергөө кызматына жалган билдирүү бергендиги үчүн Жазык кодексинин 344-беренеси менен дагы кошумча иликтөө жүргүзүлөт.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

1556