Жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен айдоочуга 10 миң сом өлчөмүндө айып салынат. Бул тууралуу Бишкек боюнча милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгына катыштыгы бар айдоочу кырсык болгон жерден кетип калса, 10 миң сом айып пулга жыгылат. Айып пулдан автоунаасы камсыздандырылган жарандар (автоунаа талкаланып калса) бошотулат.
Эреже бузуулар кодексинин 192-беренесине (“Жолдо жүрүүнүн башка эрежелерин бузуу”) 4-пункт жаңы киргизилди.
Эскерте кетсек, эреже бузуулар, Кылмыш жана Кылмыш-процессуалдык жаңы кодекстер 1-декабрдан баштап күчүнө кирген.