Бразилиянын Минас-Жерайс штатында автобус эстакадалык көпүрөдөн кулап түштү. Бул тууралуу «G-1» телеканалы билдирди.
Маалыматка ылайык, кырсыктын кесепетинен 17 жүргүнчү каза болуп, 23 адам жаракат алган.
«Айдоочу жана беш жүргүнчү окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Учурда жергиликтүү полиция айдоочуга издөө жарыялады. 35 метр бийиктиктен кулап түшкөн автобустун кырсыкка учурашына тормозу иштебей калганы себеп болгон деп болжолдонууда», — деп берилет маалыматта.