Бөлүнүп асманым теңинен,
Барк билбес бирөөгө кейигем.
Башкалар суктана тургандай,
Башкача жашаймын эми мен!
************************************
Эки жагым курчалгандай чеп менен,
Эркиндиктин эбин таппай чектелем.
Энчиленген буйрук балким ушул деп,
Эмнегедир жалгыздыкты эп көрөм…
*************************************
Жолумду тескеп көптөр сындаганда,
Жүрөккө арман, ызаам сыйбаганда,
Жолуккум келип кетет ким бирөөгө,
Жөн гана башым жөлөп ыйлаганга….
Автор: Ырысгүл Изатова