7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жуманын аягында кезектеги бөйрөк алмаштыруу операциясы акысыз жасалат

547

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев ушул жуманын аягында Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун трансплантология бөлүмүндө бөйрөгүн алмаштыруу операциясы жасала турган бейтаптардан кабар алды.

34 жаштагы бейтапка орган алмаштыруу операциясы жасалат. Оорулуу өнөкөт гломерулонефриттин кесепетинен бөйрөктүн өнөкөт оорусуна каршы программалык гемодиализ алып келген. Ага бейтаптын 32 жаштагы биртууганы донор болот.

Бейтаптардын абалы туруктуу деп бааланууда. Алар трансплантология бөлүмүнүн дарыгерлеринин көзөмөлүндө болуп, операцияга чейинки тиешелүү даярдыктан өтүшөт.

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун базасында бөйрөк алмаштыруу боюнча бардык суроолору менен жарандар дүйшөмбүдөн жумага чейин саат 14:00дөн 15:00гө чейин кайрылса болот:
☎ нефрология бөлүмүнүн башчысы Насира Бейшебаева (0700 62 77 16).
☎ трансплантология бөлүмүнүн башчысы Байзаков Мирбек (0550 22 77 01).

548