7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жумгал райондук сотунун судьясына кылмыш иши козголду

715

Нарын облусунун Жумгал райондук сотунун судьясына кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жумгал райондук сотунун судьясы А.А.М. жана Жумгал районунун прокурорунун орун басары О.Ж.К. тарабынан опузалап пара алуу фактысы аныкталып, акча каражатын пара катары алып жаткан жеринен кармалган.

2022-жылдын 23-майында кылмыш-жаза жоопкерчилигине тартуу үчүн судья А.А.М. карата КР Кылмыш-жаза кодексинин 343-беренеси (Опузалап пара алуу) боюнча кылмыш иши козголду.

Аталган кызмат адамдары Жумгал райондук сотунда каралып жаткан кылмыш ишин токтотуу үчүн Х.Д. аттуу жарандан опузалап акча каражатын талап кылышкан.

Ал эми прокурордун орун басары О.Ж.К. 2 айлык мөөнөткө УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

716