7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жыл башынан бери 450 чет өлкөлүк Кыргызстандан чыгарылды

157

Жыл башынан бери миграциялык мыйзамдарды бузгандыгы үчүн соттун чечими менен 450 чет өлкөлүк жаран Кыргызстандын аймагынан чыгарылды. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, ушул эле мезгил аралыгында 7 миң 900дөн ашык чет өлкөлүк административдик жоопкерчиликке тартылып, аларга жалпысынан 65 миллион сомдон ашык айып пул салынган.

Ошондой эле 39 чет өлкөлүк жаран кылмыш жоопкерчилигине тартылган. Мыйзам талаптарын бузуп, чет өлкөлүк жарандарды ишке алган айрым уюмдарга да айып пул салынганы маалымдалды.

Мындан сырткары, милиция кызматкерлери акыркы күндөрү борбор калаадагы 12 курулуш компаниясында иштеген 1 миң 500дөн ашык чет өлкөлүк жаран менен миграциялык мыйзамдарды сактоо боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзүштү.

158