Бишкекте 17-июлдан 19-июлга чейин метеобайкоолор жүргүзүлгөн бардык мезгилдеги эң жогорку температура катталды. Бул тууралуу ӨКМ караштуу Гидрометеорологиялык кызматынын директору Даурбек Сакыев брифингде билдирген.
Ал белгилегендей, абанын температурасы 43,5 градуска чейин көтөрүлгөн. Мындай аба ырайы дүйнө жүзүндө байкалып жаткан климаттык өзгөрүүлөр менен байланыштуу. Акыркы жылдары мезгилдерде да өзгөрүүлөр болуп, жаз мезгилинин эрте келиши, жай айларында ысыктын күчөшү жана кыш мезгилинде жаан-чачындын азайышы байкалууда.
Синоптиктердин маалыматына караганда, абанын температурасы август айында климаттык нормада болуп, 34-38 градустун чегинде болот.



