7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Декабрь 2023
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Зордук-зомбулукту жана терроризмди алдын алуу иштери уланууда

449

Зордук-зомбулукту, экстремизмди жана терроризмди алдын алуу боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык,  24-октябрдан 2-ноябрга чейин ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын демилгеси менен Кыргызстанда ишмердүүлүк жүргүзүп келген «Борбордук Азиянын Евразия фонду» коомдук фондунун колдоосунда Чүй, Талас, Нарын, Ысык-Көл облустарынын райондорундагы, шаарларындагы Коомдук алдын алуу борборлорунун мүчөлөрүнүн, аксакалдар кеңештеринин, аялдар кеңештеринин, жаштар комитетитеринин өкүлдөрүнүн, милициянын аймактык тескөөчүлөрүнүн, жашы жетелектер менен иштөө инспекторлорунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кызматкерлеринин катышуусунда «Зордук-зомбулукту, экстремизмди жана терроризмди алдын алуу, ага каршы иш жүргүзүүдө жергиликтүү жамааттардын туруктуулугун бекемдөө» темасында окутуу семинарлары болуп өттү.

Семинардын алкагында катышуучуларга “Экстремизм, терроризм, радикализм түшүнүктөрү жана келип чыгуулары”, “Кыргыз Республикасынын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясаты”, “Кыргыз Республикасындагы диний кырдаал жана тыюу салынган экстремисттик, террордук  уюмдардын идеологиясы”, “Жаш өспүрүмдөр арасында  кылмыштуулукту алдын алууда коомдук алдын алуу борборлорунун ролу”, «Интернет тармагындагы ачык булактарды колдонуунун, изилдөөнүн усулдары, диний экстремизмди жана терроризмди алдын алууда коомдук алдын алуу боборлорунун жаштар менен иштөөнүн өзгөчөлүктөрү» темаларында  атайын даярдалган баяндамаларды, видеороликтерди, слайддарды көрсөтүү менен маалыматтар бирилилип, иш-чаранын экинчи этабында маалымат алмашуу, сунуш-пикирлерди алуу максатында суроо-жооптор жүргүзүлүп,  сунуш-пикирлер угулду.

Иш-чаралардын аягында катышуучуларга ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматы тарабынан даярдалган диний экстремизмди  алдын алуу темалары боюнча  усулдук  буклеттер, эстеткичтер таратылды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

450