Кыргызстанда 2024-жылдын 1-июлунан тарта пенсиялар көбөйөт.
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-июнда, өлкөдөгү пенсияларды жогорулатуу маселелери боюнча кеңешме өткөрдү.
Мамлекет башчысы пенсия курагына жеткен жана пенсияга чыккан жарандарыбыздын татыктуу жашоо деңгээлин камсыз кылуу — өлкөнүн ишинин артыкчылыктуу багыты экенин белгиледи.
Бул маселе боюнча Социалдык фондунун төрагасы Бактияр Алиев баяндама жасады.