7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

1-майдан тарта электр энергиясынын тарифи 11 тыйынга көтөрүлөт

239

Май айынан тарта өлкөдө калк үчүн электр энергиясына болгон тариф 11 тыйынга кымбаттайт. Бул тууралуу Энергетика министрлигине караштуу Отун-энергетикалык комплексин жөнгө салуу боюнча департаменттин мониторинг жана комплексттүү талдоо бөлүмүнүн башчысы Бектеналы Эгемберди уулу Спутник Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып айтты.

«Энергетика министрлиги «Кыргыз Республикасынын 2021-2025-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясатын бекитүү жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» документтин долбоорун коомдук талкууга чыгарган. Аталган тарифтик саясат 2025-жылга чейин бардык топтогу керектөөчүлөр үчүн өткөн жылдын факт жүзүндөгү инфляциясынын деңгээлинде жыл сайын түзөтүүлөрдү киргизүү менен тарифтерди белгилөөнү карайт. Ошентип 2024-жылдын 1-майынан тартып электр энергиясынын тарифи өткөн жылдагы иш жүзүндөгү инфляциянын деңгээлине түзөтүлүп 10,8 пайызга жогорулайт. Бүгүнкү күндө калк үчүн электр энергиясына болгон тарифтер социалдык багыттагы болуп саналат. Башкача айтканда, өзүнүн реалдуу наркынан бир топ төмөн белгиленгенин айтып келе жатабыз. Мисалы, калк үчүн электр энергиясына болгон тариф 700 киловатт саат көлөмгө чейин 1 сом өлчөмүндө белгиленген. Ал эми 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча, өздүк нарк 2 сом 41 тыйын болду. Ошондой эле 2023-жылдын жыйынтыгы боюнча, энергетикалык компаниялардын факт жүзүндөгү техникалык-экономикалык көрсөткүчтөрүнүн негизинде киреше – 28,9 миллиард сомду, чыгаша 35,5 миллиард сомду түздү. Мында энергетика тармагындагы каражаттын тартыштыгы 6,6 миллиард сом болду. Өткөн жылы тариф 1 сомго жогорулагандан кийин 2,5 миллиард сом кошумча киреше таптык. Ал энергетика тармагындагы оӊдоо иштерине жумшалды», — деди Эгемберди уулу.

240