7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте пара алып жатып кармалган милициянын банги зат пайдаланаары аныкталган

754

Кече, 31-майында Бишкек шаарынын Бакаев-Ахунбаев көчөлөрүнүн кесилишинен 1000 доллар жана 20 000 сом  алып жаткан учурда ИИМдин Күзөт кызматынын Ведомстволук милиция полкунун кызматкери, милициянын улук сержанты А.А. кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык 7-май күнү ИИМдин Ички иликтөө кызматына  У.Б. аттуу жаран арыз менен кайрылып, опузалап пара талап кылып жаткан милиция кызматкерине карата тиешелүү чараларды көрүп берүүнү суранган. Териштирүүнүн жүрүшүндө жогорудагы кызматкер сотко чейинки өндүрүштү оң жагынан чечип берүү үчүн 12 миң АКШ долларын талап кылганы аныкталган.

Андан сырткары, баңгизатты пайдалангандыгын тастыктоо үчүн күбөлөндүрүүдөн өткөрүү учурунда ал баңгизатты пайдалангандыгы аныкталды.

Бул факты Жазык кодексинин 326- беренесинин 3-бөлүмү (опузалап пара алуу) боюнча катталып, азыркы учурда иликтөөнү УКМКнын ККК жүргүзүп жатат.

«ИИМдин Ички иликтөө кызматы ички иштер органдарынын катарынан кызматтык кызыкчылыктарды саткандарды, паракорлорду, мыйзамды бузгандарды, коомчулуктун алдында милиция кызматкерлеринин кадыр-баркына көө жапкандарды тазалоо боюнча чечкиндүү кадамдарга барууда»-деп жазылат расмий маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

755