17-октябрда Балыкчы шаарынын Аманбаев менен Туманов көчөлөрүнүн кесилишинен айдоочу 13 жаштагы кызды сүзүп, качып кеткен.
Кылмышка шектүү катары “Хонда Фит” үлгүсүндөгү автоунаанын 44 жаштагы айдоочусу кармалып, унаасы айып короо жайына киргизилди.
Айдоочуга андан ары тийиштүү чара көрүү үчүн, Тергөө кызматына өткөрүлүп берилгенин ЖКККББнын басма сөз кызматы билдирди.