7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткенде чек арачылар аткезчилик жол менен алып келе жаткан товарды токтотту

2605

Баткен облусунун Лейлек районунда чек арачылар аткезчилик жол менен алып келе жаткан товарды токтотту. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, чек ара кызматкерлери аталган аймактын Кулунду айылында кызмат өтүп жатып, шек санаткан унааны токтотуп текшерүү жүргүзүшкөн. Натыйжада Мерседес-Спринтер үлгүсүндөгү унаа менен эки Кыргыз жараны Тажикстандан өлкөгө жашылча-жемиштерди мыйзамсыз алып келе жатканы аныкталган.

«Кармалган жүктүн көлөмү болжол менен 5 тоннаны түзгөн. Алдын ала маалыматтар боюнча аткезчилик менен алып келе жаткан товардын жалпы баасы 530 миң сомдон ашык сумманы түзөт.

Тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалгандар, унаалар жана жүктөр кошумча иликтөө үчүн атайын органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди», — деп жазылат маалыматта.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

2606