Сузак районунда зордукталып боюна бүткөн өспүрүм кыздын энеси райондук ички иштер бөлүмүнүн алдында өзүн өрттөөгө аракет жасап, милиция кызматкерлери токтотуп калышты. Ал шектүү катары кармалган жолдошу кызын зордуктоого барбаганын, Ү. аттуу жаран зордуктаганын айтууда. Ал эми милиция кыздын энеси шектенип жаткан жаран тергөөдө аныкталбаганын, кыз өзү жакында милицияга арыз жазгандан кийин үйүндөгү өгөй ата менен кыз жыныстык катнашта болгон төшөк экспертизага берилип, жыйынтыгында дал ошол төшөктө калган калдыктар кармалган атасына таандык болгону далилденгенин билдирди.
Маалым болгондой, быйыл 15 жашка толгон кыз 13 жашында зордуктоого кабылган. Жабырлануучунун энесинин айтымында кызы менен ушул эле райондогу Ү. деген бала жыныстык катнашта болуп, кызынын тагдырын талкалаганын, бирок ал жазага тартылбай жатканын кошумчалады.
Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматынын башчысы Нурдин Жээнтаевдин билдиргенине караганда, өгөй атасы кызы менен катнашка барганы боюнча соттук-медициналык экспертизанын корутундусунда далилденди. Өспүрүмдүн энеси жолдошун чыгарып алуу үчүн түрдүү кадамдарга барууда. Жабырлануучу кыз ар кандай көрсөтмө берип жаткандыктан, тергөө бүткөнгө чейин кызды энесинен ажыратып туруу үчүн социалдык коргоого алынып, башка жакта жашап туруусу боюнча Социалдык өнүгүү башкармалыгына берилген өтүнүч канааттандырылган эмес.
Маалым болгондой, 15 жаштагы кыз кош бойлуу. Дарыгерлердин да көзөмөлүндө болууда.