Ош облусундагы Ноокат шаарында 17 жаштагы кыз өз үйүндө асынып алды. Мындай маалыматты Ош ОИИБдин маалымат кызматы таратты.
28-июнь күнү 17 жаштагы кыз үйүндө асынып алган. Маркумдун денесинде жаракаттар болгон эмес. Туугандары соттук-медициналык экспертиза жүргүзүүдөн баш тартышкан.
«Окуя тууралуу билдирүү милицияга аймактык ооруканадан түшкөн. Ооруканага сөөктү маркумдун жакындары жеткиришкен», — деп айтылат маалыматта.