7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Башкы прокуратура:Кочкорго спорт зал курууда 4 млн сом кымырылганы аныкталды

449

Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлеринин мыйзамсыз аракетинен мамлекетке 4 млн. сомдон ашуун зыян келтирилген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, Нарын облустук капиталдык курулуш башкармалыгынын жооптуу кызматкерлери Кочкор районуна караштуу Ак-Кыя айыл өкмөтүнүн Кара-Суу айылына спорт зал курууда өздөрүнүн кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышкан фактысы аныкталды.

«Аталган башкармалыктын жооптуу кызмат адамдары иш жүзүндө аткарылбаган жумуштарга мыйзамсыз түрдө акча каражаттарын алдын ала которушуп, жумуштун жүрүшүнө тийиштүү деңгээлде көзөмөл жүргүзүшпөгөндүктөн, мамлекетке жалпысынан 4 млн. 473 миң 536 сомдук зыян келтирилген»,-деп айтылат маалыматта.

Бул факты боюнча облустук прокуратура тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренеси (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

450