7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бишкекте сейсмоизоляциялык компоненттер заводунун курулушуна мезгил кутусу салынды

14

Бишкекте сейсмоизоляциялык компоненттерди чыгаруучу заводдун курулушуна мезгил кутусу салынды. Бул тууралуу Курулуш министрлиги билдирди.

Иш-чарага Нурдан Орунтаев катышып, бул Кыргызстанда биринчи жолу курулуп жаткан сейсмоизоляциялык компоненттер заводу экенин белгиледи.

Анын алкагында Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги менен Nanjing Deide Technology Co компаниясынын ортосунда инвестициялык макулдашууга кол коюлду. Министр сейсмикалык коопсуздукту камсыздоо жана курулуш тармагына заманбап технологияларды киргизүү мамлекеттин артыкчылыктуу багыттарынын бири экенин айтты. Жаңы объект Валиханов көчөсү 2 дарегинде жайгашат. Долбоор боюнча жалпы аянты 6222 чарчы метр болгон завод курулуп, өндүрүш базасы институттун азыркы аймагына жайгаштырылат.

Завод ишке берилген соң имараттар менен курулмалардын жер титирөөгө туруктуулугун күчөтүүчү заманбап сейсмоизоляциялык компоненттер чыгарылат. Бул импортко көз карандылыкты азайтып, курулуш тармагына жаңы технологияларды киргизүүгө жана объекттердин коопсуздугун жогорулатууга шарт түзөрү белгиленди.

Иш-чаранын соңунда министр Курулушта сертификаттоонун республикалык борборунун сыноо лабораториясынын иши менен таанышты.

15