7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруунун мөөнөтү узартылды

315

Кыргызстанда чет элдик номерлүү унааларды мыйзамдаштыруу мөөнөтү 2026-жылдын 1-сентябрына чейин узартылды.

Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда айып короолорунда турган автоунаалардын ээлери транспорт каражаттарын чыгарып, каттоодон өткөрө алышат.

Ошондой эле унааларды мыйзамдаштыруудан мурда бардык топтолгон айып пулдар жана милдеттүү төлөмдөр толук төлөнүшү керектиги эскертиldi.

Мекеме билдиргендей, айып короосунда турган унаалар үчүн атайын жеңилдик каралган. Ага ылайык, бир суткалык төлөм 50 сомду түзүп, жалпы эсептелген сумманын 50 пайызына чейин арзандатуу берилет.

ЖКККББ айдоочуларды берилген мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, унааларын өз убагында мыйзамдаштырууга чакырды.

316