Жарандар дарыядан өткөрүлүп, коопсуз аймакка жайгаштырылып жатканын ӨКМ билдирди.
Куткаруучулар Апшыр-Ата эс алуу жайынын жогору тарабында өтө албай калып калган жарандарды куткаруу үчүн тактайлардан көпүрө жасап, 180 кишини дарыядан алып өттү.
Селдин кесепеттерин жоюу иштерине жалпы 320 кызматкер, 20 инженердик техника тартылган.
Жеринде жүргүзүлүп жаткан иш-чараларды координациялоо үчүн ӨК министринин орун басарлары Акылбек Мазарипов, Эделбек Кулматов жөнөп кетишкен.
Кошумча маалымат берилет.