Кант шаарынын тургуну, 6 баланын энеси Мээрим Жусупова 1 эмес 2 баласынын келечеги үчүн аргасыздан калың элден жардам сурап кайрылууда. Мээрим Жусупованын 17 жаштагы уулу жана 7 жаштагы кызы ДЦПга чалдыгып, бүгүнкү күндө майыптар үчүн коляскада олтурушат. Басуу жөндөмүнөн айрылышкан уул-кызы тууралу Мээрим Жусупова биздин редакцияга кайрылып айтып берди.
“Мен Жусупова Мээрим алты баланын энесимин. Тагдырдын сыноосуна кабылып 17 жаштагы уулум Самат менен 7 жаштагы кызым Айчүрөк кичинесинен майып. Уулубуз 5 жашынан баспай калган. Кызыбыз да коляскада. 3 уул 3 кызыбыз бар. Самат менен Айчүрөктү алып барбаган жерибиз калбады. 6 ай сайын реабилитацияда Аксууда, Воронсовкада дарыланып келебиз. Эч тыянак чыкпады”, – дейт эне.
Мээрим Жусуповада жакын арада Түркия мамлекетинин Стамбул шаарынан келген дарыгерлердин айыгып кетүүгө мүмкүнчүлүгү бар дегенди уккандан бери үмүт пайда болуп, жүзүнө жылмаюу келген. Бирок жолдошунун тапкан-ташыганы 6 баланын кем – карчынан артпаган бул үй-бүлөдө дарыланууга деген акчаны табуу оңойго турчудай эмес.
“Бишкекке Түркия мамлекетинин Стамбул шаарынан врачтар келип, көрсөтсөк үмүтүбүздү кайрадан жандандырып, обследованияга алып баргыла дешти. Бул кезге чейин бардык жерге кат аркылуу кайрылып келгенбиз. Эч кандай жакшы жооп уккан жокпуз. Дүйнөдө бала оорубасын. Уулум “Балалык кезим коляскада өттү ээ мама”деген сөзүн укканда жүрөгүм тилинип кетет. Уулумдун сөөктөрү деформация болуп, скалиозу күчөдү. Горб өстү. Кызымдыкы да деформация болуп баратат. Мен сиздерден жардам сураймын. Уулум, кызымдын бутунан туруп, балдар менен аралашып, дүйнөнү элди тааныганга, келечектерин түзгөнгө сиздер себепчи болот деп терең ишенемин. Балам Самат “Жок дегенде карындашым басып алса экен” дейт. Биз экөөсүнүн тең басканын тилейбиз. Обследование 5000$ турат экен. Колубуздан келсе эки бир тууганды алып барып текшертип дарылатсак деп үмүт кылабыз. Самат менен Айчүрөктү буттарынан туруп басып кетишет деп ишенебиз”, – деп кошумчалады Мээрим Жусупова.
Ошондой эле Мээрим Жусупова балдары ДЦПга чалдыкканда ата-тегинде мындай оорулар жопку теген таризде текшерүүдөн өткөндө таза чыгышкан.
“Балам ооруганда эле текшерилгенбиз. Жолдошум экөөбүздүкү деле таза чыккан. Бул жерде медициналык ката болуп калды. Балам убагында баскан, убагында эмгектеген. Бүт баары жакшы болчу. Бир гана басканда “майтаңдап” басчу. Ошону түздөйбүз, лечения кылабыз деп, тескерисинче болду.
Ал эми кызым кичинекей кезинде буту-колдорун көтөрүп тыбырчылап, кармасаң отуруп турчу. Бизге төрөлгөндө “нехватки кислорода” деп айтып бир ай даарыланганбыз. Анда мен кышында больницага жата албай Саматтын жанында да киши жок, үйдөн эле өзүм массаж кылгам. Ошондой эле мага күн сайын ванна кыл деген ошол учурда шарт жок кыла албай калдым. Андан кийин эле прививка алып калдык. Ошол прививка алгандан кийин эле буту-колу такыр кыймылдабай калды. Жалдагы врачка алып барсак ДЦП деп диагноз койду. Кызымдыкы деле башынан кетип атат, эне жүрөгүм сезип атат, андан кийин прививка алды, ошондон баштап кыймылдабай калды”, -деп айтып өттү Жусупова.