7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

2-майга карата түнкүсүн ок атышуу катталган жок, абал туруктуу

828

2-майга карата Баткен облусунун чек арага жакын айылдардагы коопсуздук абал толугу менен көзөмөлдө. Азыркы мезгилде чек арага чектеш аймактарда абал тынч. Түнкүсүн ок атышуулар жана башка окуялар катталган жок.

Милиция кызматкерлери тарабынан блок посттор коюлуп, чек арага чектеш аймактардагы жергиликтүү элге түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматы билдирет.

Куралдуу кагылышуунун каардуу күндөрүн башынан өткөргөн Баткен облусунун чек арага чектешкен бардык айылдары толугу менен кайтарууга алынып, блок посттор коюлуп, милициянын кайгуул топтору коомдук тартипти сактоо ишмердүүлүгүн жүргүзүүдө.
Баткен району боюнча Аксай, Көкташ, Самаркандек, Орто-Боз айылдарында, Сүлүктү шаары боюнча Кызыл-Бел участкасында коюлган блок посттордо милициянын кайгуул топтору, Кызыл-Кыя шаары боюнча коюлган блок посттордо милициянын беш кайгуул тобу, Кош-Булак участкасында, Сүлүктү шаарында милициянын эки кайгуул тобу, Кадамжай районунун Бүргөндү, Кадамжай айылдарында коюлган эки блок постто жана Уч-Коргон, Айдаркен, Бүргөндү айылдарында милициянын үч кайгуул тобу, Лейлек району боюнча Исфана шаарында коюлган блок постто, Кулуңду, Интернационал, Арка-1, Арка -2, Достук , Жаштык, Ак-Арык, И.Разаков айылдарында милициянын кайгуул топтору, Баткен шаары боюнча Кызыл-Жол айылында коюлган блок постто, Баткен шаарынын аймагында төрт милициянын кайгуул тобу коомдук тартипти сактоо жана ар кандай укук бузууларга жол бербөө максатында түнкү жана күндүзгү күзөттө күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп жатышат.

Ошондой эле Баткен районунун Ак-Татыр айыл аймагындагы Жака-Өрүк участкасы аркылуу өтүүчү Ош-Исфана автожолу толугу менен кыргыз милициясы тарабынан катуу көзөмөлгө алынып, жергиликтүү тургундар менен биргеликте коопсуздукту сакташып, ар кандай тартип бузууларга жол беришкен жок.
Милициянын бардык кайгуул топтору ыктыярдуу элдик кошундардын, айыл, квартал башчылары менен биргеликте жүргүзүлүп жатат. Ошондой эле жергиликтүү элдик коопсуздугун камсыздоо максатында жалпы милиция кызматкерлери ички аскерлер жана башка күч түзүмдөр менен биргеликте коомдук коопсуздукту көзөмөлдөшүүдө.
Бул аймактарда жашаган жергиликтүү тургундардын коопсуздугун сактоону ИИМдин биринчи орун басары Сүйүн Өмүрзаков толугу менен көзөмөлгө алып укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүн координациялап, жергиликтүү бийлик органдары, ыктыярдуу элдин кошуундар менен биргеликте кайгуул топторун уюштуруп, эл арасында түшүндүрүү иш-чараларын жүргүзүүнү колга алган.

Ал эми Баткен облусундагы коомдук тартипти сактоо иш-чараларын толугу менен ички иштер министри милициянын генерал-майору Улан Ниязбеков өз көзөмөлүнө алып, коомдогу болуп жаткан терс көрүнүштөрдү жөнгө салууда тийиштүү тапшырмаларды берүүдө.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

829