7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Март 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Журналист Эрнис Кыязов: «Баткендиксиң..» дейбиз ээ..

3890

«БАТКЕНДИКСИҢ..» дейбиз ээ..

Баткендиксиң..дейбиз ээ жай турмушта,
Баары келип алышты борборго,- деп..
Башкачараак сүйлөйт деп кергиштейбиз,
Батырбайбыз, сүйбөйбүз «..ошолор» деп.
Базарларда араба сүйрөшкөнүн —
Бардак,- дейбиз, фу!- дейбиз чокчолоңдоп.
Баштыгыңды джибиңе жеткирсе да,
Баалабайбыз мээнетин корсолоңдоп.

Баткен жакта чуу чыкса, согуш чыкса,
Баягылар тынчыбай койду дейбиз..
Баарын кылдат, түзүктөп иликтебей,
Бала өлсө, жаш өлсө, кары өлсө..
Бардык, көрдүк, тактадык «өлдү..» дейбиз.
Барат чоңдор, жолугат, мөөр басышат..
Бүттү. «Достук түбөлүк болду»- дейбиз.
Бир күнү анан кайрадан, согуш, өлүм..
Билип туруп «болоору болду» дейбиз.
«Баткен жалгыз эмессиң!» демиш болуп,
Баракчага «лайк» басып ойгонобуз.
Бахх ваннада жатабыз, колдо кофе,
«Баткеним..» деп калп эле толгонобуз…

Эзел мурун Баткенге барбагандар,
Элден мурун ээлигип жетип барат.
«Эл жер үчүн!» камаздар жүк артынып,
Элиталар «элим!» деп кетип барат.
Погону чоң, жүрөксүз генералдар
Поктун ишин чечпестен бөгүп жатат…
Папурусту түтөтүп ойлонгуча,
Пароходу өлкөмдүн чөгүп барат.
Четте жерин алдырган баткендиктер,
Чепти коргоп күрөшөт, канын берет.
Чепейген бир кемпирлер, абышкалар,
Чегинишпей өлкө үчүн жанын берет.

Ага-иниси чабышкан тажиктерди,
Арачалап калды элек жок болоордо,
Айкөл кыргыз, көл кыргыз, кенен кыргыз,
Абдан сооп иш кылды эле ана ошондо.
Өмүр берсең ордуна өлүм берип,
Өчөшкөнү эмнеси?! Алла тообо..
Өз жериңден өзүңдү кууп чыгып,
Өрттөп жатат үйүңдү алоолонто..
Жолду берген, суу берген, нанды берген
Жооштугубуз жеттиби түбүбүзгө?
Унаасына май берсек, аны кайра,
Узун тумшук танкеге куюп алып,
Удаа-удаа аткылайт бизди неге?..

Ооба, Баатыр Манастын урпагысың,
Ооба, балким ыйыксың, улуу элсиң…
Ооматы арткан Каганат болгону ырас
Ооба, мүмкүн шумдуктуу, нурлуу элсиң.
Ушу күндө канакей ошол айткан-
Улуулугуң, нурларың, ыйыктыгың?
Уулуңдан да, кызыңдан намыс кетип,
Ууруларың көбөйдү эх кыргызым..
Төпөштөшүп бир бириң, «жеңдик!» дешип,
Төңкөрдүк!-деп ураалап кыйынсындың.
Жоого жерди алдырдың жүүнүң бошоп,
Жоголду го.. Кана ошол кыйындыгың?!
«Кетсин!» деген баягы жаалың кана,..
Кетир эми, танкечен жоонун сүрүн?

Байлар деле битиреп жүрүшчү эле,
Байгерчилик тынч маалда балык болуп,
Баланчамын менмин! деп сүрөт жүктөп,
Баткенге!-деп ун,майды жөнөткөндөр..
Байкасаңыз көбөйдү бу күндөрү,
Бадырайта маңдайга жазып алып.
Баткен кайда экенин билбегендер —
Баары эми кетти окшойт «баатыр» болуп..
Жай жайына түшкөндө жашоо нугу
Жанагылар кетпейби кайып болуп?
Баткен десе «калхоздор, мырктар» дешип,
Балконуна буттарын асып коюп?..

Аняк,мыняк, шо..- дешип сүйлөйт дешип,
Арсалаңдап күлүшкөн апенди көп.
Кыраан каткы түшүртүп концерттерде,
КВНде туурашат «баткенчи» деп.
Күлкү -тынчтык, күлкү -өмүр, күлкү -жашоо
Күлүп эле жүрөлү ха-ха-халап.
Бирок ошол күлкүнү, тынч өмүрдү,
Бизге сунган кимдигин билбеген көп.
Менимче ал баатыр эл — баткендиктер
Мекенге арнайт өмүрүн элине арнайт.
Борбор. Кансэрт. Куудулдар. Тема — Баткен..
Боор эзилткен каткырык. Элдер күлөт.
Бороондуу түн. Мылтыгын кармап колго
Борпоң, назик тынчтыкты көзгө сүртөт,
“Баары күлсүн, мен коргойм жеримди” деп,
Бак-шактарын, короосун айланчыктап,
Баткен жакта бир кемпир жүрөт дешет…

Эрнис Кыяз.
1-май, 2021-жыл.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

3891