7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

20 миң доллар пара талап кылган салыкчы кармалды

443

Мамлекеттик салык кызматынын өзгөчө салык режимдерин көзөмөлдөө бөлүмүнүн инспектору 20 миң доллар өлчөмүндө пара талап кылууга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдирди.

Маалыматка караганда, жооптуу кызматкер ишкерлердин бирин салыктык текшерүү жүргүзөм деп коркутканы айтылат.

Инспектор 19-мартта Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында 5 миң доллар өлчөмүндө пара алып жаткан жеринен колго түшүрүлдү.

Кылмыш-жазак кодексинин 96-беренесине ылайык шектүү УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда УКМК тарабынан бул ишке тиешеси бар башка кызмат адамдарын аныктоо боюнча ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

444