7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

4 жылдан бери издөөдө жүргөн Россия Федерациясынын жараны Нарындан кармалды

346

4 жылдан бери издөөдө жүргөн Россия Фекдерациясынын жараны Нарындан кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, Россия Федерациясынын жараны 41 жаштагы М.В. карата 2016-жылдан бери Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 228.1-беренесинин 2-бөлүмүндө (Баңгизаттарды сатуу жана сактоо) көрсөтүлгөн кылмыштарды жасагандыгы үчүн укук коргоо органдары издөө жарыялаган.


«2020-жылдын 4-декабрь күнү Кыргыз Республикасынын ИИМдин Интерпол улуттук борбордук бюросунун жана Нарын ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери эл аралык издөөдө жүргөн Россия Федерациясынын жаранын кармашты. Азыркы учурда кармалган М.В. Нарын шаарынын тергөө абагына киргизилди. Эл аралык издөөдө жүргөн шектүүнү өз өлкөсүнө экстрадициялоо боюнча маселелер чечилип жатат», — деп берилет маалыматта.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

347