Аламүдүн районунда ден соолукка оор залал келтирүүгө шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.
11-июлда Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан денесинен ар кандай жаракат алган жаран жаткырылгандыгы тууралуу билдирүү түшкөн. Алынган маалымат боюнча тергөө тобу барып, бул адамдын өздүгү тактап, анын 1979-жылы туулган жаран экенин аныкташкан.
Ал жерде бул адамдын бир тууган эжеси денеге залал келтирүү фактысы боюнча белгисиз адамдарга
чара көрүү өтүнүчүн билдирген. Бул факт Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (ден соолукка оор
залал келтирүү) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган.
Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө бул кылмышка шектелип 1978-жылы туулган жаран кармалган. Тергөөнүн жүрүшүндө, окуянын келип чыгышына жарандардын ортосундагы чыр-чатак себеп болгону аныкталып, анын натыйжасында жабырлануучу көптөгөн дене жаракаттарын алган. Учурда шектүү Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилип, бардык экспертизалар дайындалып, сотко чейинки териштирүү иштери уланууда.