7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Баткен: 500гө жакын тургундар жабыркагандар үчүн кан тапшырууга келишти

486

Бүгүн, 17-сентябрда Республикалык кан борборуна 500гө жакын адам Баткен облусунун жабыркаган тургундары үчүн ыктыярдуу донор болуп келишти. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо минисрлигинен билдирди.

Республикалык кан борборунун директору Бакыт Карабаев белгилегендей, бүгүн Бишкек шаарынын көптөгөн жашоочулары кан тапшырууга келди. « Түшкө чейин кан алынып, азыр канды даярдоо иштери жүрүп жатат. Кан борбору эртең да эс алуу күнгө карабай иштейт”,-деди Бакыт Карабаев.

Эскерте кетсек, жабыркагандарга кан тапшырууну каалаган жарандар Бишкек шаары, Ч.Айтматов пр., 60. Республикалык кан борборуна кайрылса болот.

Иш убактысы:

  • дүйшөмбү-жума саат 8:00дөн 14:00гө чейин.
  • Ишемби күнү 8:00дөн 12:00гө чейин
  • Жанынарда паспорт, айдоочулук күбөлүк же аскер билети болуш керек.
  • Кан тапшыруу процедурасынын алдында бардык майлуу, куурулган, сүт азыктарын жебеш керек.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

487