Баткен облусундагы куралдуу кагылыштан жабыркагандардын саны 122ге жетти.
Саламаттык сактоо министрлиги саат 16:00гө карата (оперативдүү маалымат) саламаттык сактоо уюмдарына жаткырылган жабырлануучулардын жалпы саны 122 жабырлануучуну түзүп, анын ичинен 7 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөнүн маалымдайт.
1. Баткен облустук бириккен ооруканасында – 41 адам жабыркаган;
2. ЦОВП Лейлек — 35 жабырлануучу;
3. ЦОВП Кулунду — 3 жабырлануучу;
4. Сүлүктү ЦОВП — 6 жабырлануучу;
5. Улуттук госпитал – 21 жабырлануучу;
7. Энеликти жана баланы коргоо улуттук борбору – 7 жабырлануучу;
8. Ош облустук бириккен ооруканасы – 1 жабырлануучу.
Учурда Баткенден жабыркагандардын айрымдары атайын учактар менен Бишкектеги саламаттыкты сактоо уюмдарына жеткирилип жатат, такталгандан кийин кошумча маалымат берилет.