7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

6-11-класстардын окуучулары арасында математика боюнча олимпиада өтөт

323

Билим берүү жана илим министрлиги Кыргыз-Швед мамематикалык мектеби (KSMS) менен биргеликте менчик түрүнө карабастан жалпы билим берүүчү мектептердин 6-11-класстарынын окуучуларына Республикалык математика боюнча олимпиада өткөрөт. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы билдирди.


Маалыматка ылайык, олимпиаданын максаты – таланттуу жана математикалык билимге кызыккан балдарды табуу, алардын өнүгүүсүнө шарт түзүп берүү.
6-8-класстардын окуучулары үчүн олимпиада бир этап менен онлайн форматта 2020-жылдын 19-декабрында саат 12:00дө өтөт.


Ал эми 9-10-класстардын окуучулары үчүн олимпиада эки этап менен өтөт:
1-этап: 2020-жылдын 19-декабрында саат 12:00дө онлайн форматта;
2-этап: 2021-жылдын 5-январында саат 12:00дө Бишкек шаарында реалдуу форматта.
6-8-класстар арасында онлайн олимпиадада 1-2-3-орундарды алган окуучулар дипломдор менен сыйланышат.


9-11-класстар арасындагы олимпиаданын 2-этабынын (финал) жыйынтыгында 1-2-3-орундарды алган окуучулар дипломдор менен сыйланып, эл аралык олимпиадаларга катышууга чакырылышат.

9-11-класстар арасындагы олимпиадада 1-орунду ээлеген окуучулар KSMS математикалык клубунда окуу үчүн грнатка ээ болушат.


Олимпиаданын бардык катышуучуларына электрондук сертификаттар ыйгарылат.
Олимпиада тууралуу кененирээк маалыматты Кыргыз-Швед математика мектебинин www.ksms.kg сайтынан ала аласыздар.

Суроолоруңуздар болсо, rom.ksms@gmail.com электрондук почтасына жазыңыздар.
Олимпиада акысыз өткөрүлөт.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

324