7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

600дөй адамдын катышуусунда «Бизнес-диалог» форуму өтөт

450

«Бизнес-диалог» форуму 24-мартта Sheraton мейманканасынын жыйындар залында өтөт. Форум саат 10:00дөн 18:00гө чейин уланат.

Алдыда боло турган форумга 600дөн ашык адам катышат, иш-чаранын маалыматтык чагылдырылышы 200 миңден ашык адамды түзөт. Форумдун жүрүшүн ЖМКлар жана өлкөнүн бизнес-блогерлери чагылдырат.

Форумдун программасында инвестиция жана бизнес кызматтары жаатындагы мүмкүнчүлүктөр, ишкерлер үчүн гранттык программалардын презентациялары, нетворкинг жана эл аралык аренадагы көрүнүктүү спикерлердин баяндамалары көрсөтүлөт. Ошондой эле 40 өлкөнүн ассоциацияларына онлайн көрсөтүү дагы жүргүзүлөт.

Форум инвестицияны, жаштардын ишкердигин, этностор аралык мамилелерди өнүктүрүү, технология экспортунун деңгээлин жогорулатуу, бизнес-туризм жана башкаларга багытталган.

 

 

 

451