7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
282930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Сузакта жер астындагы жашыруун тоннель табылды

464

УКМК кызматкерлери тарабынан миграциянын жана контрабанданын мыйзамсыз каналдарын аныктоо боюнча жүргүзүлүп жаткан иштердин жүрүшүндө, жүктөрдү жана адамдарды мыйзамсыз ташуу үчүн колдонулган тоннель табылды. Бул тууралуу аталган кызматтан билдирди.

Бул тоннель Жалал-Абад облусунун Сузак районунун Бек-Абад айылынын тургунунун үйүнөн, тагыраагы Өзбекстандын чек арасына жакын жерден табылган.

Тоннелдин тереңдиги 15 метрди, жалпы узундугу 130 метрди, Кыргызстандын мамлекеттик чек арасына чейинки узундугу 50 метрди, ал эми бийиктиги 1 метр 70 см түзөт.

Аткезчилик каналын уюштургандыгы үчүн 1986-жылы туулган үйдүн ээси Э.А. кармалды. Учурда тоннелди эксплуатациялоону уюштурууга катыштыгы бар башка адамдарды, КР мамлекеттик чек арасын мыйзамсыз кесип өткөн адамдарды жана мыйзамсыз кирген товарлардын түрлөрүн аныктоо боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

УКМК жарандарды жана жеке жактарды аталган кылмыш тууралуу кошумча маалыматтары болсо 0995 012 210 (whatssapp/telegram) байланыш номурлары аркылуу билдирүүгө чакырат.

465