7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
31  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көк бөрү күйөрмандары үчүн коомдук транспорт уюштурулат

698

21-март — Нооруз майрамында саат 11:00дө келечектеги ипподромдун ордунда көк бөрү оюндарынын финалдык беттеши өтөт.

Мэриядан билдиришкендей, шаардыктардын ыңгайлуулугу жана көк бөрү күйөрмандарынын коопсуздугу үчүн саат 09:00дөн 10:30га чейин транспорт уюштурулат.

Ошондой эле жол тыгындарын алдын алуу максатында «РИОМ Авто» автобазарынын аймагында 1500 унаага ылайыкталган унаа токтотуучу жай уюштурулуп, төлөм MBank тиркемеси же терминалдар аркылуу жүргүзүлөт, ал 30 сомду түзөт.

Эскерте кетсек, аренага коомдук транспорт («Shuttle Bus») менен жетүүгө болот, шаар баасы менен – накталай эмес төлөм үчүн 17 сом, накталай түрдө 20 сом.

«Унааңызды калтырып, көздөгөн жериңизге алып баруучу жана баштапкы аялдамаңызга кайтып келе турган автобус менен барышыңыз керек. Иш-чаранын катышуучуларынын ыңгайлуулугун үчүн, тыгындарды болтурбоо максатында коомдук транспортту колдонууну суранабыз»,- дешти мэриядан.

699