Бишкекте № 67 мектептин окуучусунан кургак учук аныкталды. Бул тууралуу мэриядан билдирди.
Мектепке окуучудан кургак учук аныкталгандыгы боюнча санитардык билдирүү 7-мартта келип түшкөн. Анын негизинде мектеп администрациясы тиешелүү класска жергиликтүү медициналык кызматкердин катышуусунда ата-энелер чогулушун өткөрдү.
Мектеп 11-мартта тарта эки күнгө онлайн окууга өттү. 12-мартта мектепте тиешелүү санитардык тазалоо иштери жүргүзүлгөн.
Жогорудагы окуучу менен байланышта болгон классташтары жана мугалимдери үчүн рентген аппаратынан өтүү маселеси мектеп жетекчилиги тарабынан көзөмөлгө алынган.