7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Апрель 2024
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
1234567
891011121314
15161718192021
22232425262728
2930  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

7-каналда «Түрк даамы» теле долбоору өнөктөштөрдүн колдоосу менен расмий башталды

642

7-каналда “Түрк даамы” теле долбоору өнөктөштөрдүн колдоосу менен расмий башталды.

7-канал телерадиокомпаниясында “Түрк даамы” ТВ долбоорунун ашкана студиясынын ачылыш аземи болуп өттү. Салтанаттуу иш-чарага өнөктөш катары Түркия Республикасынын Маданият жана туризм министринин кеңешчиси Алпарслан Акынжы, Түрк кызматташтык жана координация агенттигинин Кыргызстандагы координатору (ТИКА) Осман Уста, 7-каналдын башкы директору Илязбек Балташев жана башка коноктор катышты. Ашкананы ачып жатып Осман Уста бул долбоор кыргыз-түрк боордош элдерди маданият, каада салт жана тамак аш жагынан да бириктирерин айтып, көрүүчүлөргө мыкты түрк тамактарын тартуулаган алдыңкы көрсөтүүлөрдөн болот деген ишенимин билдирди. Ал эми 7-каналдын башкы директору Ильязбек Балташев долбоорду керектүү ашкана техникалары менен жабдууга жакындан колдоо көрсөткөндүгү үчүн өнөктөштөргө ыраазычылык билдирип, берекелүү ашкана болсун деген тилегин айтты. Ошентип келген коноктор ашкананын жип менен байланган боосун чечишип, алгачкы тамак жасоого старт беришти.

“Түрк даамы” телекөрсөтүүсү эми мындан ары жумасына 3 жолу 7-каналдын эфиринен чагылдырылып, анда түрк элинин улуттук тамак аштары белгилүү жана кызыктуу коноктор менен бирге көрүүчүлөргө тартууланып турат. Долбоор кыргыз-түрк кызматташтыгынын алкагында, эки элдин улуттук тамак аштарын кеңири таанытуу максатында ишке ашып жатат.

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

643