7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Ноябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
24252627282930
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

9 миллион сомдон ашык болгон жер тилкеси мамлекеттин менчигине кайтарылды

637

Кадамжай райондук прокуратурасы тарабынан жеке менчикке өтүп кеткен 9 349 450 сомдук жер тилкеси муниципалдык менчикке кайтарылды. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдайт.

Прокурордук текшерүүнүн жүрүшүндө, Кадамжай районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүндө жайгашкан 19 580 чарчы метр жер тилкесин (спорт аянтчасы) дыйкан чарбага берүү боюнча 2017-жылдын 14-июнунда Үч-Коргон айыл өкмөтү тарабынан мыйзамсыз токтом кабыл алынгандыгы аныкталган.

Ошондой эле, Кадамжай кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо башкармалыгы тарабынан аталган дыйкан чарбага жеке менчик укугу жөнүндөгү мамлекеттик акты берилген. Соттук кароонун жыйынтыгы менен райондук прокуратуранын укук күбөлөндүрүүчү жана укук белгилөөчү документтерди жараксыз деп табуу тууралуу доо арызы толугу менен канааттандырылган.

Прокурордук чара көрүү актысынын негизинде жер тилкеси айыл өкмөтүнүн балансына кабыл алынды.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

638