7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123456
78910111213
14151617181920
21222324252627
28293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Көчөлөрдү оңдоо иштерине байланыштуу жол тыгынын алдын алуу иштери жүрүүдө

586

Бишкек шаарынын аймагында 36 көчө оңдоп түзөө үчүн убактылуу жабык экендигин эскертет. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, учурда Бишкек шаарынын аймагында 36 көчөдө оңдоп-түзөө иштери жүрүп жаткандыктан көчөлөр убактылуу жабык.

«Учурда шаардын аймагында 36 көчөдө оңдоо иштерине тиешелүү техникалар тартылып, жолдор кеңейтилип, жаңы асфальттар төшөлүп жатат. Айрыкча Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн тартып Кулатова көчөсүнө чейинки бөлүгү толук жабык экенине байланыштуу ага жакын көчөлөрдө узун жол тыгыны пайда болууда. Ошондуктан айдоочулардан баруучу жайларга алдын ала пландоо менен альтернативдик жоллду тандап алууну эскертебиз»,-деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, Милициянын кайгуул кызматкерлери жол тыгыны пайда болгон көчөлөрдүн кесилишинде кол менен жаңсап жол тыгынын алдын алууда.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

587