Айсулуу Тыныбекова 8-13-июнь күндөрү Польшада өткөн «Poland Open» аттуу рейтингдик турнирде алтын медаль жеңип, дүйнөлүк рейтингдин сап башына жайгашты.
Айсулуу Тыныбекова 8-июндан 13-июнга чейин Польшада өткөн эл аралык мелдеште 62 кг салмак категориясында күч сынашып, алтын медаль жеңип алды. Турнирдеги жеңиштин аркасы менен Тыныбекова 2021-жылы дүйнөлүк рейтингдин сап башына жайгашты.
Ал эми Польшада коло медаль жеңген Мээрим Жуманазарова 68 кг салмакка чейинки категориядагы спортчулардын рейтингинде 3-орунга илинди. Айпери Медет кызы 76 кг салмакка чейинки категориядагы спортчулардын рейтингинде 5-орунга, Нураида Анаркулова 59 кг салмакка чейинки категориядагы спортчулардын рейтингинде 9-орунга жайгашты.