Ошто баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө шектелип, 9 жылдан бери эл аралык издөөдө жүргөн Баңгизатты көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын отставкадагы полковниги кармалды. Бул тууралуу ИИМден билдирди.
Ал мурдагы Баңгизаттарды контролдоо мамлекеттик кызматынын отставкадагы полковниги 1963-жылы туулган Р.Х. болгон. Кыргызстандын укук коргоо органдарынан 10 жылдай жашырынып жүргөн шектүү 2015-жылдан бери баңгизат ташыгандыгы үчүн эл аралык издөөдө жүргөн.
Кармалган жаран Ош шаардык сотунун чечими менен Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.