27-сентябрда өлкөнүн тоолуу райондорунда жаан жаап, күн күркүрөшү ыктымал. Дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирет.
Абанын температурасы
- Чүй өрөөнүндө +21…+26;
- Талас аймагында +19…+24;
- Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +23…+28;
- Ысык-Көл чөлкөмүндө +16…+21;
- Нарын жергесинде +17…+22;
- Бишкек шаарында +24…+26, Ош калаасында +26…+28 градуска жетет.