7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2026
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
232425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Владимир Путинди туулган күнү менен куттуктады

771

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 7-октябрда, Россия Федерациясынын Президенти Владимир Путин менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Садыр Жапаров Владимир Путинди туулган күнү менен жылуу куттуктап, ага чың ден соолук, бакыт-таалай жана жооптуу мамлекеттик ишинде мындан аркы зор ийгиликтерди каалады.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Владимир Путиндин тарыхый достуктун, өз ара колдоонун жана ишенимдин бекем салттарына негизделген кыргыз-орус стратегиялык өнөктөштүгүн жана союздаштыгын чыңдоого кошкон жеке салымын жогору баалаарын баса белгиледи.

Өлкө лидерлери эки тараптуу жана көп тараптуу кызматташуунун актуалдуу багыттарын, ошондой эле Президент Владимир Путиндин Кыргызстанга боло турган расмий сапарын жана анын Бишкек шаарында өтө турган КМШ Мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынына катышуусун талкуулашты.

 

Добавить комментарий

Ваш адрес email не будет опубликован. Обязательные поля помечены *

772