7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Июнь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 1
2345678
9101112131415
16171819202122
23242526272829
30  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Дүйнөдөгү эң чоң айсберг ордунан жыла баштады

705

Антарктидага жакын жайгашкан дүйнөдөгү эң чоң A23 айсберги 30 жылдан бери биринчи жолу ордунан жыла баштады.  Бул тууралуу дүйнөлүк ЖМКлар жазышууда.

Айсберг A23 1500 чарчы аянтты ээлейт жана дээрлик бир триллион тоннаны түзөт. Окумуштуулар муз блогунун кыймылынын башталышын ноябрь айынын аягында жазышкан. Ал Антарктиданын тайыз сууларынан чыгып, «айсберг аллеясы» деп аталган жол менен жылып, Түштүк океандын көп бөлүгүнө кирери белгиленген.

Экспертер айсберг Түштүк Георгия аралдарында кайра эле тосмого такалып, аралдагы жаныбарларга коркунуч жаратышы ыктымал деп кооптонушууда. Аралды жана анын айланасын сууда миллиондогон тюлень, пингвин, деңиз канаттуулары байырлашат.

Айсберг Түштүк Жоржия аралына жеткенде кайра көтөрүлүшү мүмкүн. Ал бул аймакка терс таасирин тийгизет дешет адистер.

«Ошондой эле, A23 жылуу сууларга киргенде майда бөлүктөргө бөлүнүшү мүмкүн. Эриген айсберг акыры анда миңдеген жылдар бою сакталып келген минералдарды бөлүп чыгарышы ыктымал. Минералдар аймактагы организмдерди кээ бир азыктар менен камсыз кылат, бирок бул суулардын ордун толтурууга жетишсиз” — дешти эксперттер.

706