7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Калнур Ормушев: Президент маселени эки сүйлөм менен айкын чагылдырды

653

АКШнын мамлекеттик катчысы Этони Блинкен Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго жазган катында демилгеленип жаткан ЖМКлар тууралуу мыйзамга тынчсыздануусун билдирип, бул демократияга терс таасирин тийгизээрин белгилеген.

Кыргыз президенти АКШ Мамкатчысына жообун жөнөттү. Анда аталган мыйзам долбоорунун концепциясы 1938-жылы АКШда кабыл алынган жана азыр да колдонулуп жаткан Чет өлкөлүк агенттерди катто жөнүндө мыйзамдын (Foreign Agents Registration Act, FARA) концепциясына жакын экенин белгилеген. Аны менен катар: «Эмнеге силер кылсаңар болот, биз кылсак болбойт?» — деген суроо узаткан.

Эксперт Калнур Ормушев бул боюнча төмөнкүдөй пикирин билдирди:

«Чынында бул суроо эмес, бул — аргумент. Мамлекет башчы суроо иретинде маселени жогорку деңгээлде аргументтеген. Суроо катары Америкага алардын бизге болгон туура эмес көрсөтмөсүн белгилеген. Эки сүйлөм менен баары айкын чагылдырылды. Президенттин жооп катынын маңызы — ушул эки сүйлөмдө».

Ошондой эле эксперт АКШ Мамкатчысынын катында Кыргызстандын ички ишине кийлигишүү белгилери бардыгын белгилейт.

«Аны каттын мазмунунан билүүгө болот. Интонациясы кол алдындагылар менен сүйлөшкөндөй. Биз Американын кичүү өнөктөшү эмеспиз, биз анын тең укуктуу өнөктөшүбүз. Президенттин жообунда ушул жагы жакшы көрсөтүлдү», — деди Калнур Ормушев.

Булак: Саясат.kg

654