7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Август 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 123
45678910
11121314151617
18192021222324
25262728293031
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Бакетаев: Садыр Жапаровдун каты батыш ишмерлерин ойготот

543

Президент Садыр Жапаровдун АКШ Мамкатчысы Энтони Блинкендин катына берген жообун эксперт Бакыт Бакетаев «Кабар» улуттук агенттигине комментарийлеген.

Ал кыргыз президентинин каты АКШ Мамдепартаментигиндеги көптөрдүн көзүн демократиянын өнүгүшү бир топ натыйжалуу болооруна жол ачат деп ишенет.

«Биздин оппозиционерлер жана журналисттер каржылоонун артынан түшүп алышып, кантип компрадорго айланганын өздөрү да байкабай калышты. Алар демократияны өнүктүрүүгө умтулган батыш өлкөлөрүнүн ишенчээктигин жана ыкластуулугун жеңил гана пайдаланып жатышат.

Садыр Жапаровдун каты батыш ишмерлерин биздин компрадорлордун гипнозунан ойготуп, демократияны өнүктүрүү боюнча иштерин бир топ натыйжалуу жолго бурат деп ойлойм.

Мен эл аралык тажрыйбалуу саясатчылардын бири болгон Блинкен ойлонуп көрүп, биздин өлкөдөгү демократиянын акыбалы боюнча реалдуу анализ чыгарат деп ишенем», — деген Бакетаев.

Булак: Саясат.kg

544