Казакстанда полиция кызматкерлери киши өлтүрүүгө буйрутма алган эки шектүүнү кармады. Бул тууралуу Tengrinews.kz жазды.
Маалыматка ылайык, күйөөсү аялы менен мүлктү бөлүшкүсү келген эмес, ошондуктан анын аялы эки киллерге акча төлөп, өлтүртмөкчү болгон. Полиция шектүүлөрдөн далилдерди алган.
Тергөөнүн версиясы боюнча, аял уюштуруучуга курал сатып алуу жана адам өлтүрүү үчүн 1,3 миллион теңге төлөгөн.
Учурда шектүүлөр кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алар 20 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.