7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Садыр Жапаров Рахим Ага Хан Ханзааданы кабыл алды

389

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-мартта, Рахим Ага Хан Ханзааданы кабыл алды. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Кыргыз Республикасы менен Ага Хан Өнүктүрүү Тармагынын (АКДН) ортосундагы, тактап айтканда билим берүү, экология жана жашыл экономика чөйрөлөрүндөгү кызматташуу маселелери боюнча пикир алмашуу болду. Мамлекет башчысы Ханзаада Ага Хан IVнүн эки өлкө ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө жана Кыргызстандын тоолуу аймактарында калктын аярлуу катмарынын жашоо шарттарын жакшыртууга кошкон зор салымын жогору бааларын айтты. Ал ошондой эле Афганистандын Улуу жана Кичи Памиринде жашаган этникалык кыргыздарга көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

Садыр Жапаров Борбордук Азия өлкөлөрүнүн жана Афганистандын жаштарына сапаттуу билим алууга кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берген Нарын шаарындагы Борбордук Азия университетинин ишмердүүлүгүн өзгөчө белгиледи.
Президент экология тармагында, өзгөчө климаттын өзгөрүү шарттарында, ошондой эле жашыл жана креативдүү экономиканы өнүктүрүүдө кызматташуунун маанисин баса белгилеп, АКДНди климаттын өзгөрүүсүнүн терс таасирине каршы турууда жана тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча иш-чараларды ишке ашырууда күч-аракеттерди бириктирүүгө чакырды.

Өз кезегинде Рахим Ага Хан Ханзаада Ага Хан өнүктүрүү уюмунун иши 2001-жылы Кыргызстанда башталгандан бери жетишилген биргелешкен ийгиликтерге токтолуп, Садыр Жапаровго жылуу кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирди. Ал кызматташтыкты тереңдетүүнүн жана Кыргызстандын улуттук артыкчылыктарына шайкеш келген институттарды өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилеп, бул процессте жардам берүүгө даяр экендигин айтты. Рахим Ага Хан ошондой эле Кыргызстандын экономика жана тышкы саясат өңдүү тармактардагы жетишкендиктерин белгилеп, ошондой эле климаттын өзгөрүшү жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелеринде кыргыз өкмөтүнүн көрөгөчтүгүн таануусун билдирди.

Аягында тараптар Кыргызстан менен Ага Хан өнүктүрүү тармагынын мындан аркы жемиштүү кызматташтыгына жана жарандардын жашоосун жакшыртуу, өлкөнү өнүктүрүү боюнча бирдиктүү максаттарга жетүүсүнө ишеним билдиришти.

 

390