УКМК жана ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте Бишкек ШИИБнын Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлерине жалпы профилактикалык иш-чара өткөрдү.
29-февралда Бишкек ШИИБнын патрулдук милиция башкармалыгынын аянтында, коррупцияга каршы күрөшүү боюнча УКМК органдарынын жүргүзүп жаткан иш-аракеттери, ошондой эле Патрулдук милиция башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан акча каражаттарын алуу жана опузалап талап кылуу, кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу сыяктуу мыйзамсыз иш-аракеттердин алдын алуу жана бөгөт коюу тематикасында жалпы иш-чара өткөрүлдү.
Аталган иш-чарага аппараттын өздүк курамы, полк жана Патрулдук милиция башкармалыгынын жетектөөчү курамы катышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө өздүк курамдын алдында кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдаланууга тиешеси бар инспекторлордун ысымдары аталып, алар УКМКга жеткирилди.
Аталган кызматкерлерге карата мыйзам чегинде процесстик мүнөздөгү чаралар көрүлөт.