Урматтуу 7-каналдын көрүүчүлөрү жана окурмандары!
Жогорудагы сүрөттө аты аталган Эркин аттуу жигит биздин кызматкер эмес экендигин кабарлайбыз! Редакцияга бул жаран биздин телеканалдын атын жамынып, укук коргоо органдары менен рейддик иш-чараларга чыгып, иштешип жүргөнү тууралуу маалымат келген. Эгерде бул аракет дагы кайталанса, кылмыш жоопкерчилигине тартыла тургандыгын эскертебиз!
Урматтуу укук коргоо органдарынын кызматкерлери! Кимдир бирөө сиздер менен 7-каналдын атынан иштешүүнү кабарласа, анын кызматтык күбөлүгүн, компаниянын кызматкери экенин тактап алууну өтүнөбүз.