7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Февраль 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12
3456789
10111213141516
17181920212223
2425262728  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Ошто келин менен 3 баланын жансыз денеси табылды

553

Ошто 31 жаштагы келин менен 3 баланын жансыз денелери табылды. Бул тууралуу 7-каналга Ош ОИИБден тастыкташты.

3-март күнү милицияга Кара-Суу районунун Савай айыл аймагында 1993-жылы туулган аял киши, 2018-жылы туулган Р.М., 2021-жылы туулган Р.Р. жана 2017-жылы туулган И.И. аттуу тургундар үйүндө уктап жатып каза болушкандыгы тууралуу кабар түшкөн.

Аталган маалымат каттоого алынып, окуя болгон жерге ыкчам-тергѳѳ тобу чыгып, тергөөгө чейинки текшерүү иштерин жүргүзгөн. 3-мартка караган түнү Кара-Суу районунун Савай айыл аймагынын 4 тургуну үйүндѳ уктап жатышкан учурда, мештен чыккан көмүр иске ууланышып каза болушкандыгы аныкталган.

Каза болгондордун туугандары арыз жазуудан жана каза болгондордун денелерин соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тартышкан. Жансыз денелерге сырттан кароо жүргүзүлүп, акт түзүлүп, жакын туугандарына ѳткѳрүп берилди.

 

 

554