7-канал. Жаңылыктар — Кыргызстан

Жаңылыктар — Кыргызстан

Сортировка новостей по дате

Октябрь 2025
Пн Вт Ср Чт Пт Сб Вс
 12345
6789101112
13141516171819
20212223242526
2728293031  
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon
  • social_icon

Жаш балдар жашыл кыйма менен, бойго жеткендер – кызыл, ал эми үйлөнгөн жигиттер кара кыйма менен калпак кийет

543

Туризмди колдоо фондунун вице-президенти Болот Дыйканбаев: Кыргыздар миңдеген жылдар бою атын дагы, каада салтын да өзгөртпөгөн байыркы калк. Илгери баардык түрк элдери калпак кийген, бирок кыргыздан башкалары кийин аттарын да өзгөртүп, калпактын ордуна бөлөк баш кийим кийип калды. Кыргыз калпагы экологиялык жактан дагы өтө пайдалуу, мааниси да терең баш кийим, мисалга анын тиликтери да өзүнчө белги берет.

Жаш балдар жашыл кыйма менен калпак кийген, балага көз тийбесин деп андай калпактын баардык төрт тарабына тең энелери оймо түшүргөн. Андан улуулары кызыл кыймасы менен калпак кийип – мына, мен бойго жеттим деп элге көрүнгөн, ал эми үйлөнгөн жигиттер кара кыймасы бар калпакка ээ болгон. Жетекчилер – толугу менен ак калпак кийет жана анын бийиктиги жетекчинин деңгээлине жараша болот…

544